Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жыл мугалими-2024”

Сузак районунда “Жыл мугалими-2024” кароо-сынагынын райондук туру жыйынтыкталды. Райондук турга райондун аймагындагы мектептерден 10 сабак боюнча 53 мугалим катышты. Калыстар тобунун чечими менен алардын ичинен 14 мугалим активдүү катышып, 16 мугалим 3-орунду, 14 мугалим 2-орунду жана 9 мугалим биринчи орунду ээлешти. 1,2,3-орунду ээлегендердин жана жалпы эле катышуучулардын аракетин, эмгегин жана мээнетин баалап, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети тарабынан диплом, ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле байгелүү 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөргө мындан аркы “Жыл мугалими-2024” кароо сынагынын  областтык жана республикалык турларында  ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети