Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жеңүүчүлөр сыйланды

Ак-Суу районундагы М.Жусупов атындагы орто мектептин базасында райондук «Жыл мугалими-2024» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Райондук сынакка катышкан 35 мектептин мугалимдеринин ичинен 14 мугалим калыстар тобунун чечими боюнча жеңүүчү деп табылышкан. Райондук турда жеңүүчү болушкан конкурсанттар областтык кароо-сынакка катышып алардын ичинен үч мугалим-Чокиев атындагы орто мектептин информатика мугалими Канат Исмаилов, Киров атындагы гимназия мектептин география мугалими Улан Актенов жана Мамытов атындагы орто мектебинин биология мугалими Кундуз Субанова республикалык турга жолдомо алышкан.

Салтанаттуу жыйында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев жана райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев куттуктоо айтышып, жеңүүчүлөргө Ардак грамоталарды, баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жибек Жунушева, Ак-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин кызматкери