Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы төрага шайланды

Жалал-Абад областынын Аксы районунун №52 Мамай жалпы негизги  билим берүү мектебинде отчеттук кайра шайлоо чогулушу болуп өттү. Анда Турсунбаева Замира 5 жылдык мезгилде жүргүзгөн иштери боюнча маалымат берди, ага кесиптик бирлик мүчөлөрү ыраазычылыктарын билдиришти.

Турсунбаева Замира башка ишке өткөнүнө байланыштуу ордуна Умаркулов Тажимырза төрага болуп шайланды.

Чогулушка Аксы райондук Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин юристти Ботоев Сонунбек жана жаштар кеңешинин төрайымы Нарбаева Апиза катышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети