Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаш мугалимдер мектеби»

2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын аткаруу максатында, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан 2023-2024-окуу жылына карата “Жаш мугалимдер мектебин” уюштуруу жөнүндө №02-05/149 сандуу буйругу чыгарылып аткарууга алынды.

Буйруктун негизинде 2023-2024-окуу жылында билим берүү уюмдарында жаш мугалимдер такталып, жаш мугалимдер мектебинин координаторлору жана устат мугалимдер бекитилди. Алар жыл ичинде жетишкендиктерин жыйынтыктоо жана аттестациялоого даярдоо максатында шаардык деңгээлде "Мыкты тема!" аттуу кароо-сынагы уюштурулуп, ага жалпы 48 жаш мугалим катышты.

Сынак эки баскычтан турду. Биринчи баскычта жаш мугалимдерди аттестацияга даярдоо максатында педагогика жана психологиянын негиздери боюнча тест 27-май күнү офлайн форматында В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинде өтүлдү. Тесттин жыйынтыгы менен экинчи баскычка 10 жаш мугалим жолдомо алды.

Экинчи баскыч 29-май күнү И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинде болуп, анда ар бир жаш мугалим предмети боюнча "Мыкты тема!" аталышында мастер-класс көрсөтүштү.

Эки баскычтын жыйынтыгы чыгарылып, 1-орунга Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Газибекова Толгонай, 2-орунга Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Миталип кызы Бурулай, 3-орунга М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Балиева Айзат жетишти.

Жыйынтыктоо иш чарасына шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назира Махаматкуловна Джапарова катышып, катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү куттуктады.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович жаш мугалимдерди шыктандыруу максатында катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктар тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети