Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өз ара пайдалуу окуулар

Эмгекти коргоо боюнча бир айлыктын алкагында кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, сактоо маселелеринде мыйзамдардын сакталышы боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан “Эмгек укуктары кербени” жолугушуусу 2024-жылдын 14-майында Ноокат районунда өттү.

Жолугушууга КР Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат башчысы-башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М.Кадыркулов, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, доцент Качкын кызы Гүлназ, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төраймы Н.К.Тажибаева, райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын директорлору, баштапкы  кесиптик бирлик уюмдарынын  төрага, төрайымдары катышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети