Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Уюшкандыкта, кызыктуу өттү

Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик  комитетинин профсоюз мүчөлөрү, райондордун мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана  баштапкы кесиптик бирлик комитетеринин төрага, төрайымдары  2024-жылдын 20-майында Чүй районунун Токмок шаарында  С.Ибраимов  атындагы №2 жалпы билим берүү орто мектебинде "Эмгекти коргоонун" бир айлыгынын алкагында" кесиптик бирлик - билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык- экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили!" темасындагы семинар-жолугушуусуна катышышты. Семинардын катышуучуларына кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Андан кийин Ж.Баласагын атындагы КУУ юридика факультетинин ага окутуучусу Г.Такырбашева "Билим берүү кызматкерлеринин эмгектерин коргоо" жөнүндө маалыматы менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Семинардын катышуучулары билим берүү тармагынын кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча суроолорду беришти. Берилген суроолорго тиешелүү жооптор айтылды. Кыргызстандагы Ф.Эберт фонду тарабынан кызматкерлердин эмгектерин коргоо боюнча видеороликтери көрсөтүлдү. Семинар-жолугушууга Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова, Кемин райондук комитетинин төрагасы А.Исхаков, Аламүдүн райондук комитетинин төрайымы Г.Алымкулова, Чүй  райондук  комитетинин төрагасы  Джекшенбек уулу Мезгилбек, Токмок шаардык кесиптик бирлик  комитетинин төрайымы Д.Жумалиева катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети