Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улгайган мугалимдерге урмат-сый көрсөтүлдү

 

Улгайгандардын күнүнө арналган сый-тамак  кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан уюштурулду. Ага мектептерде көп жыл бою иштешип, учурда ардактуу эс алууда жүрүшкөн эмгек ардагерлери жана ардактуу эс алууда жүрүшсө дагы, жетишпеген мугалимдердин ордун толуктап мектептерде иштеп жатышкан агайлар жана эжейлер, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Баткен райондук комитетинин мурдагы төрагалары, Кыргыз Республикасынын мектептерине эмгек сиңирген мугалимдер катышышты.

 

Ардагерлерди раймамадминстрациянын башчысы – аким С.Калыков,   облмамадминистрациянын социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы А.Сейдакматов, кесиптик бирликтин облустук комитетинин төрагасы З.Бөтөков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитовдор майрамдары менен куттукташып, чын ден соолук жана бакубат жашоо каалашты. Райондун аймагында улгайгандарга урмат сый көрсөтүүнүн бир айлыгы өтүп жаткандыгын белгилешти.

 

Ардагерлерге райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик уюмунун майрамдык белектери тапшырылды. Аземдин катышуучулары эмгек ардагери, таланттуу обончу жана аткаруучу З.Султановдун өзүнүнүн аткаруусунда обондуу чыгармаларын муюп угушту, өздөрү да кошулуп ырдашты.  Ардагерлер  оор күндөрдөгү мектептердин жана мугалимдердин абалы жөнүндө эскеришип, азыр бир топ жакшыргандыгын жана мугалимдерди материалдык жана моралдык жактан колдоого мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жаткандыгын белгилешти.

 

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов жана райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т.Жумаев ардагерлерге сый урмат көрсөтүү мындан ары дагы улантыла бере тургандыгын айтышып, ардагерлерди тез-тез мектептерде болушуп, жаш мугалимдерди кесиптик, усулдук жактан тарбиялоого көмөктөшүп турууга чакырышты.

 

Ардагерлер мурдагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Абдиева, кесиптик  бирликтин райондук комитетинин мурдагы төрагалары М.Орозбаев, Т.Иматов жана башкалар улгайгандарга кам көрүп, майрам уюштургандыгы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнө жана райондук кесиптик бирлик уюмуна терең ыраазылык билдиришти.

 

 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

                                                                                  бирлигинин Баткен райондук

                                                                                  комитетинин жетектөөчү адиси