Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Укуктук иштердин негизги багыттары жана эмгекти коргоо” семинары

    Кыргыз Республикасынын Президентинин «2017-жыл  - Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялаган Указын жана Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитетинин  «Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият» жылы деп жарыялоо боюнча буйрутмасын  ишке ашыруу максатында Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан 2017-жылдын 23-мартында Токмок шаарындагы №3 орто мектебинде мектеп директорлору үчүн “Укуктук иштердин  негизги багыттары жана эмгекти коргоо”  боюнча масштабдуу  семинар уюштурулду.

    Семинардын максаты: Билим берүү кызматкерлерди адептүүлүккө тарбиялоонун өзөгү болгон укуктук жактан калыптандырууга багыттоо жана эмгектик шарттарын түзүүнү жакшыртууга жетишүү болуп саналды.

    Семинарга Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы, башкы адистери,  бардык мектеп директорлору     болуп  жалпы 43 адам катышты. Семинар 3 бөлүк менен өткөрүлдү:

1. Укуктук иштердин  негизги багыттары жана эмгекти коргоо боюнча теориялык билим  - лекция

2. Укуктук иштер, эмгекти коргоо боюнча практикалык иштер.

3. Токмок шаарындагы №3 орто мектебинин директору менен профкомунун эмгекти коргоо боюнча жүргүзгөн иштери менен опыт алмашуу.

Семинарда:

  • КРнын Эмгек Кодекси
  • КРнын Эмгекти коргоо жөнүндөгү мыйзамы
  • КРнын Жамааттык келишимдер жөнүндөгү мыйзамы
  • Кесиптик бирликтер жөнундөгү мыйзамы
  • КРнын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамы
  • КРнын мугалимдердин статусу жөнүндөгү мыйзамы
  • КРда эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө мыйзамы
  • Эмгек келишимдеринин болжолдуу формасы жөнүндө
  • Билим берщщ уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин  жылыга берилүүчү негизги узартылган өргүүлөрүнүн узактыгы жөнүндө
  • Эмгек книжкаларын толтуруунун тартиби жөнүндө нускамалар колдонулду.

Семинардын практикалык бөлүгү кызуу талкуу менен коштолуп суроолор тыкыр түрдө анализденди.

Чуй-Токмок билим берүү бөлумүнүн башчысы А.С. Кибираева семинарда берилген маалыматтарга кенири токтолуп өзүнүн баасын берди. Семинардын катышуучуларына колдонулган материалдардын топтомдору таркатылды. Семинар катышуучулардын анкеталары менен жыйынтыкталды.

Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу