Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда 8-Март аялдар күнүнө байланыштуу иш чара

        Ушул жылдын 7-мартында Эл аралык аялдар күнү 8 – Март майрамына байланыштуу райондук  администрация  тарабынан  уюштурулган мекемелердин аял затын куттуктоо иш чарасы болуп  өттү. Бул  куттуктоо иш  чарасына билим берүү тарабында эмгектенген профсоюз  мүчөлөрү да катышты.

      Иш чаранын ачылышын Токтогул райондук администрациянын  башчысы М. Асанканович  жалпы аял затын  куттуктап,  ар бир иш  чарага катышкан аял затына  белектерин тапшыруу  менен бирге ачты. Ошону менен  бирге  райондун мэри, иш чараны  уюштурган администрациянын эркектер жамааты куттуктоолорун арнап, чакан  концерттик программаларын тартуулашты. Концерттик программада Токтогул  райондук маданият үйүндө  эмгектенген белгилүү ырчылары жана  артистери майрамдык маанайдын көркүн ачып  турушту.