Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик комитетинин Жаӊы-жылдык балатысы

       2016- жылдын  29-декабрь күнү  райондук  билим берүү бөлүмүнүн  эмгек жаматынын  Жаӊы-жылга карата корпоративдик кечеси  Токтогул райондук кесиптик  бирлик комитети  тарабынан  белгиленди. Жаӊы-жылдык кечеге администрациянын, метод бирикмелеринин   жана  кесиптик  бирлик комитетинин жалпы эмгек жааматы катышты. Жаӊы-жылдык  кеченин ачылышын  райондук кесиптик бирлик комитетинин  төрагасы Т. Исраилов  жана  билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы  Д. Сулпукарова  бирге ачышты. Бул  кече  өзгөчө  бир шанга бөлөнүп  ырлар,  бийлер  жана  ойюн зооктор менен  коштолду. Кеченин аягында  Т. Исраилов жана Д. Сулпукарова эмгек жааматты Жаны-жылдары менен  куттуктап  каалоо  тилектерин айтуу  менен  кече  аягына  чыкты.