Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн текшерүү комиссиясынын иш аракеттери

       2017-жылдын  14-февраль  күнү  Токтогул  райондук  билим  берүү  бөлүмү  жана  райондук  профсоюз  комитети  тарабынан  комиссия  уюштурулуп  Токтогул районуна караштуу  Торкент  айылындагы  жаны  ачылган «Шамшыкал»  балдар  бакчасына  текшерүү  иш  сапары  менен  барып  келишти.  Биринчиден  текшерүү комиссия бакчанын жака белин, ички бөлмөлөрүн  жана  ашпозчулардын  иштеген жерин карап чыгышты.  Өзгөчө  балдардын  бөлмөлөрүнүн   жылуулук  системасына  жана  санитардык  гигиеналык  тазалыка  коӊүл  бурулду.  Андан  соӊ  балдар бакчанын  иш кагаздары   жана  техникалык  коопсуздук  жагы  каралып,  жыйынтыгында  текшерүү  комиссиясы тарабынан «Шамшыкал»  балдар бакчасынын  шарттары  боюнча  жетекчилигине  консультациялар  берилди.