Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул мектебинин областык олимпиадасынан жетишкен ийгиликтери

         2017-жылдын 27-28-февраль күндөрү  болуп  өткөн Областык  олимпиадага  Токтогул атындагы орто  мектебинин окуучулары катышып куржуну кур  эмес  кайтып келишти. Тактап айтып  кеткенде 1 окуучу 4-орунга,  4 окуучу 3-орунга,  4 окуучу  2-орунга  жана  3 окуучу 1-орунга  жетишишти.

    Окуучулардын жетишкендиктерине байланыштуу  Токтогул атындагы орто мектебинин  директору Тулекеева Асылбу  Таштемировна   чакан сыйлоо иш  чарасын уюштуруп олимпиада жеӊүүчүлөрүнө грамоталарын тапшыруу  менен бирге окуучуларды даярдаган мугалимдерге мектептин  жана өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

   Белгилеп кетчү нерсе аты  аталган мектептин окуучулары былтыр да областык  жана республикалык олимпиадалардан 1-орундарды багындырган. Бул  жетишкендиктердин аркасында мектеп администрациясынын жана мугалимдеринин зор  эмгеги жатканын белгилей кетпесек болбойт.