Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул атындагы орто мектебинде Жаны-жылдык балаты

        2016 –жылдын  29-декабрь  күнү  Токтогул  атындагы  орто  мектебинде  акимдин  Жаӊы – жылдык  балатысы  болуп  өттү.  Бул балатыга  Токтогул  районуна  караштуу ар бир  айыл  аймагынан  жакшы окуган  окуучулар   жана кэм багал  уй  бүлөөлөрдүн  балдары  чакырылды. Балатыда  окуучулардын  Жаӊы- жылдык декламациялары, ырлары окулуп шаӊдуу  бийлери  менен  коштолду.  Жыйынтыгында  келген ар  бир окуучуга  Жаны – жылдык  белектер  тапшырылып  аким  М. Асанкановичке  сөз  берилди.  Аким  бардык  балатынын  катышуучуларын  Жаны-жылдары  менен  куттуктап  Токтогул  атындагы  орто  мектебинин   администрациясы, мугалимдери жана  окуучуларынын  жетишкендиктерин жана  абдан жакшы  көрсөткүчтөрүн  баса  белгилеп кетти.