Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунун жаңы бөлүм башчысын экс-бөлүм башчы куттуктады

    Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн 1984-1991-жылдары  жетектеген, ал жетектеген мезгилде райондун билим берүү тармагы Бүткүл Союздук Өтмө кызыл тууну жеңүүгө  жетишкен, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим, СССРдин  Эл агартуусунун отличниги, персоналдык пенсионер Бекболот Исабаев Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына жаңыдан дайындалып иштеп жаткан бир мезгилдеги өзүнүн шакирти Бечелов Алмазбек Маматкадыровичти жаңы кызматка дайындалышы менен Аксы районунан келип куттуктап, иштерине ийгилик, ден соолук каалап өз батасын берди. Куттуктоо учурунда профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы  А.Исмаилов, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиевдер катышышты.