Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Султанбаев “Илим” эс алуу борборунда

            Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаев дүйшөмбү күнү – 15-июлда Ысык-Көл районундагы “Илим” эс алуу борборунда болду. Анда азыркы учурда Нарын областынын мугалимдеринин 275 баласы эс алууда. Мында балдардын жайкы эс алуусун көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эс алуунун маданий, агартуучулук багыттагы программасы да ар тараптуу, абдан кызык: өспүрүм окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн, ар тараптуу кызыкчылыктарын эске алуу менен иштеп чыгылган.

Төрага “Илим” эс алуу борборунун директору баштаган эмгек жамааты жана эс алуучу – балдар менен кеңири пикир алышып, аңгемелешти. Анда эс алуу жайынын жетекчилиги тармактык кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин күчү менен мугалимдердин балдарынын мындай жайкы эс алуусу биринчи ирээт өткөрүлүп жатканын, балдардын жакшы шарттарда жашап, көңүлдүү эс алуусу жана даамдуу тамактануусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн терең ыраазылык менен айрыкча баса белгиледи. Жаш эс алуучулар дагы өздөрүнүн жайкы каникулдарын көңүлдүү өткөрүүгө көрүлгөн камкордукка тармактык кесиптик бирликтин жетекчилигине чын ыкластуу ыраазылыктарын билдиришти.

Балдардын сүймөнчүктүү эс алуу жайы – “Илимге” эртеңки күндөн баштап Сары Өзөн Чүйдүн батыш чөлкөмүндөгү Ысык-Ата, Москва, Жайыл райондорунун, Кара-Балта шаарларынын билим берүү уюмдарында эмгектенишкен мугалимдердин 290 баласынын келип эс алуусу күтүлүүдө.

 

 

Жайкы эс алуу талаптагыдай уюштурулган

 

Ал эми өткөн жекшембиде – 14-июль күнү КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Д. Султанбаев “Кызыл гвоздика” эс алуу борборунда эс алып жатышкан кесиптик бирлик мүчөлөрү менен жолугушту. Мында ушул тапта Ош областынын Кара-Суу районунун 85 билим берүү кызматкери 5 күндүк эс алууда жүрүшөт. Жолугушууда алар тармактык кесиптик бирликтин Борбордук Комитетине эс алуу үчүн жакшы шарттарды түзүлгөнүнө ыраазычылык билдиришти. А. Д. Султанбаев жолугушуунун жүрүшүндөгү өз сөзүндө ушул жылдын 15-июнунан бери 1000ге жакын мугалим эс алганын, жалпы сезондо 2000дей билим берүү кызматкерлери эс алышарын айтты. Андан тышкары, башка пансионт-куроттордо жүздөгөн мугалимдер ден-соолуктарын чыңдап жатышканын, ушунун баарысы Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин өз каражатынын эсебинен болуп жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле мугалимдердин 2000ден ашуун балдары жогоруда айтылган “Илим” жана түштүктөгү балдар эс алуу борборлорунда көңүлдүү эс алып жатышканынан кабар берди. А. Д. Султанбаев тармактык кесиптик бирлик мүчөлөрүнө Борбордук Комитеттин алардын эмгек укугун коргоо, социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер, мерчемделген ой-максаттар тууралуу аңгеме куруп, эс алуучулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди.

 

 

 

Ошентип, Төраганын кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусу менен таанышуу максатындагы кыдыруулары, эс алуучулар менен жер-жерлериндеги жолугушуулары мугалимдердин жайкы эс алууларын мындан ары карай талаптагыдай уюштуруп, ийгиликтүү аяктоонун алдыда турган милдеттерин так айкындоо менен иштиктүү маанайда, натыйжалуу өттү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук Комитети