Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Селден жабыркагандарга жардам

Аксы районунун  Кара-Суу айыл аймагында 2024-жыл 26-майда нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам элүүдөн ашык үйдүн короолоруна жана ашканаларына суу кирип, мал сарайларын бузуп кеткен. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков  селден жабыр тарткан профсоюз мүчөлөрүнөн кабар алды. Э.Четинбаев атындагы №58 жалпы орто билим берүү мектебинде эмгектенип жаткан  үч профсоюз мүчөсүнө, райком профсоюзу тарабынан акчалай жардам берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети