Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин кезектеги Пленуму 2024-жылдын 29-майында өткөрүлдү.

Пленумда 1-уюштуруу маселесин каралып, Пленумдун мүчөлүк курамынан айрым  кызмат абалдары  өзгөргөн  мүчөлөрдү  чыгарып, ордуна  жаңы мүчөлөр кабыл  алынды.

Пленумдун жүрүшүндө кызматкерлер эмгек өргүүгө чыгуу алдында   тургандыктан, ден соолуктарын чыңдоо  жана  жайкы  эс алууларды  уюштурууда,  жылдагыдай  эс алуу  жайларына   акысыз   жолдомолордун  жок  экендиги,  кызматкерлердин  балдарынын  эс алуу  борборлоруна жолдомолорду сатып алуу  жолу менен  жүргүзүүлөрү  чоң көйгөй  жаратып  жаткандыгын жана чечүү  жолдоруна  токтолду. 

Балдардын  жайкы  эс алууларын  уюштурууда,  жолдомолор менен жеңилдетилген пайызда  камсыздоо  жөнүндө  Кыргызстан  кесиптик  бирликтер  Федерациясына   Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин атынан  кайрылуу  жасоо  керектиги  белгиленди.

Пленум   күн  тартибиндеги   башка маселелерди карап, өз ишин иштиктүү аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети