Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУ: “Ден-соолук – 2024” спартакиадасы

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети уюштурган билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында “Ден-соолук – 2024” спартакиадасы өткөрүлдү.

Спорттук мелдешке Ош технологиялык университетинин командасы активдүү катышып, мелдештин жыйынтыгында, командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Жеңүүчү командалар Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин дипломдоруна жана баалуу белектерине ээ болушту.Ошону менен бирге ОшТУ кесиптик бирлик комитети тарабынан спартакиадага катышкан 76 кызматкердин  бир күндүк түштөнүсүн үчүн ар бир катышуучуга 300 (үч жүз) сомдон төлөнүп берилди.

Иш чаранын негизги максаты адамдар арасында достукту, ынтымактыкты бекемдөө, дени-сак жашоо образын түзүүгө үндөө жана өз элинин патриоту болууга чакыруу болуп эсептелет.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУ кесиптик бирлик комитети