Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун бардык окуу имараттарында Билим күнүнө карата жыйындар болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда университеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы 1-сентябрь “Билим күнүнө” карата уюштурулган  жыйын  болуп, ал Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.

Университеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди жана университеттин окутуучулар жамаатын Билим күнү жана Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгы менен куттуктаган ректор Каныбек Исаков жаңы окуу жылына карата атайын кайрылуусу менен тааныштырды. Анда өткөн окуу жылындагы университеттин жетишкендиктери, алдыдагы пландар боюнча кеңири айтылды. “Кыргыз Өкмөтү бир жума мурда Ош мамлекеттик университетине 2014-жыл үчүн “Сапат” сыйлыгын ыйгарды. Жыл ичинде медициналык колледжибизде эл аралык аккредитациядан өткөрүүчү иш аракеттер болду. Бир топ адистиктерди эл аралык акредитацияга даярдоо иштери улантылууда.

            Университеттин “Алмашуу” программасы менен жүздөгөн студенттерибиз Германия, Кытай, Туркия, Америка жана Европанын бир канча өлкөлөрүндөгү университеттерде стажировкалардан өтүштү.

            Көптөгөн окутуучуларыбыз, алдыңкы студенттерибиз жеке ийгиликтери менен бизди кубандырды.

            Эми алдыда биз баарыбыз биргеликте университетибизди эл аралык билим берүү талаптарына ылайык трансформациялоо иштерин жүзөгө ашырышыбыз керек.
            Ар бирибиз жаңыча ой жүгүртүп, өзүбүздү мезгилдин талаптарына ылайык өзгөртүп, билимдин сапатын арттырууга болгон дараметибизди жумшашыбыз керек.

            Август айынын башында эл аралык медицина факультетинин окуу имаратын курууну баштадык. Ушул жылдын аягында ишке беребиз.

            Ал эми финансы-юридикалык коледжинин курулуп жаткан жаңы 3-кабатын 20-сентябрга чейин ишке беребиз.

            Сентябрь айынын башында дарылоо факультетине жаңы заманбап окуу имаратын курууну баштайбыз.

            Ал эми ноябрь айларында кудай буйруса университеттин интеллектуалдык борборун курууну белгилеп атабыз.

            2016-жылы Конфуций институтунун жаңы окуу корпусун Кытай мамлекети менен биргеликте курабыз. Ал эми “Ыйман” лицейине 600 орундуу 4 кабаттуу окуу имараты, кыздар жана балдар үчүн 6 кабаттуу жатаканасын курууну Туркия  тарап менен сүйлөшүп бүттүк, келишимдерге кол койдук. 2016-жылдын башында биз чоң долбоорлорду баштайбыз. Булар университетибизге эле эмес, шаарыбызга көрк берген имараттар, жаңы технологиялар менен жабдылган уникалдуу билим берүү моделдери болот.

            Искусство факультетинин азыркы эски имаратынын ордуна 4 кабаттуу уникалдуу окуу имаратын куруунун архитектуралык пландары иштелип жатат.

            Өзгөн медициналык колледжи үчүн жаңы окуу имаратын алып жатабыз.
            Мектеп мугалимдеринин билимдерин өркүндөтүүчү институтту ачабыз. Бардык адистиктерди камтыган педагогикалык коледжди түзүүнү колго алабыз.

            Чет өлкөлүк студенттер үчүн билим экспортун жакшыртуучу жатакана курууну ойлонуп жатабыз. Каражат, инвестиция издөөдөбүз. Туркиядагы Иззат-Байсал университети менен азык-түлүк коопсуздугу, тамак-аш инженериясы адистиктерин биргелешип ачуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетиштик.

            Окутуучулардын жана кызматкерлердин сапаттуу иштөөсү үчүн шарттарды жакшыртууну колго алабыз жана айлык акыларды сезилээрлик деңгээлде ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен көтөрөбүз.

            Студенттерибизге ой жүгүртүү эркиндигин беребиз. Ар бир окутуучуну тандоону, коомдук көзөмөлгө алууну студенттерге беребиз.

            Ар бир студент Ош мамлекеттик университетинде өзүнүн билимге,  илимге, маданиятка, өнөргө, техникага, коомдук ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөтүсүнө, өзүн-өзү реализациялоосуна мүмкүнчүлүк жаратышыбыз керек.

             Биз жалпы журтубуздун алдында башыбызды бийик көтөрүп, мыктылыгыбызды күн сайын далилдеп, таза мээнет менен өзүбүздүн үстүбүздө иштешибиз керек.

            2015-2016-окуу жылы Ош малекеттик университетин сапаттык өнүгүүсүнө өбөлгө жараткан жыл болот деп ниет кылып, Ош мамлекеттик университетинин туусун бийик көтөрөлү! Намысын талашалы! Университетибиз менен сыймыктаналы! Ал үчүн студенттерибиздин, окутуучуларыбыздын дилине, акыл эсине жараткан жакшы ойлорду, жакшы максаттарды, жакшы тилектерди, жакшы каалоолорду салсын” – деп баяндалат ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковдун 2015-2016-окуу жылына карата кайрылуусунда.

Ошондой эле жаңы окуу жылы менен окутуучуларды, студенттерди университеттин ардагер окутуучулары, профессорлор Байыш Арапов, Келдибай Алымкуловдор, факультеттин декандары куттуктап студенттерди татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган жаштардан болууга чакырды. Алдыңкы студенттердин атынан Президенттин колунан “Үмүт” стипендиясын жакында алып келген Үмүт Кушбак кызы куттуктады.

Белгилей кетсек, Билим күнүнө арналган мындай жыйындар университеттин бардык окуу корпустарында да болуп өттү жана учурда  окуу процесстери толук жүрүп жаткан учуру.                 

ОшМУнун басма сөз кызматы