Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда ооматтуу жылды жыйынтыктоо салтанаттары өттү

         Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана профсоюз комитети тарабынан келе жаткан 2017- Жаңы Жылды жылды тосууга байланышкан бир катар иш-чаралар өттү.

         Айтсак, университетте түрдүү структураларда эмгектенген кызматкерлердин балдары үчүн атайын программадагы “Таңкы майрам” ушул жылдын 26-декабрында 300дөн ашуун кичинекей бөбөктөрдүн жана балдардын, о.э, алардын ата-энелеринин катышуусу менен өткөрүлдү. Мыкты жасалган балаты, аяз Ата менен аяз кыздын куттуктоолору, Искусство факультетинин студенттери даярдаган көңүлдүү оюн-зооктор, анан да профсоюз комитети тарабынан таркатылган белектер балдардын көңүлүнө толду. 

        Ал эми Ош шаарындагы “Олигарх” эң ири ресторанында жамаатыбыздын 470 алдыңкы кызматкерлери чакырылган Жаңы Жылдык көңүл ачуу кечеси өзгөчө эсте калаарлык деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Окуу жайыбыздын ректору, профессор К.Исаков кеченин катышуучуларын Жаңы Жыл менен кызуу куттуктап, өткөн 2016-жыл жамаатыбыз үчүн ооматтуу болгондугун баса белгилеп, бул жылды университет бир катар жетишкендиктер менен жыйынтыктап жаткандыгына токтолду.                                    

        Өтүп бараткан 2016-жылда Ош мамлекеттик университети көптөгөн ийгиликтерге, наамдарга жана сыйлыктарга ээ болду. Мисалга, турак-жайга муктаж 60тан ашуун, өзгөчө жаш кызматкерлерибиз өкмөттүк “”Арзан турак-жай – 2015-2020”  жана Ош шаардык муниципиалдык ипотека програмааларынын негизинде турак-жайлуу болушту, билим, илим профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан өткөрүлгөн “Ден-соолук - 2016” спартакиадасында 3-жолу чемпиондугун коргоп калды,  Zanoza.kg сайтынын өлкөдөгү ЖОЖдордун рейтингин аныктоо боюнча өткөрүлгөн сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык “Кыргызстандагы эң мыкты ЖОЖ” деп аныкталган. ОшМУнун студенттеринин интеллектуалдык “ENACTUS” командасы 2-жолу Кыргызстандын Улуттук чемпиондугун жеңип алды. КММАда өткөрүлгөн олимпиадада ОшМУнун медицина факультетинин студенттеринин “MedAktiv” командасы 1-орунду камсыз кылды. “Кыргыз Туусу” гезити тарабынан ОшМУга “Кыргыз бренди - 2016” сыйлыгы ыйгарылды. Евразиялык Экономикалык Союзга мүчө болгон мамлекеттердин арасында социалдык-экономикалык, коомдук өнүгүүсүнө салым кошкондугу, эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн “Евразияга кирген өлкөлөрдүн лидер мекемеси” наамы, диплому, статуеткасы жана медалы менен сыйланды. ОшТВ ТРК тарабынан жүргүзүлгөн элдик сурамжылоонун жыйынтыгында “Жылдын мыкты окуу жайы” деп табылды.                                                                                           

       Мына ушундай ийгиликтер коштогон жылды узатуу салтанатында окуу жайыбыздын окуу-материалдык базасын өнүктүрүү, эл аралык байланыштарды кеңейтүү, окутуунун жана илимий иштердин сапатын жогорулатуу, социалдык колдоону көбөйтүү боюнча ректорат менен профсоюз комитетинин ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимдин талаптарынын аткарылып жаткандыгына басым жасалды.                                                                                                                                                                                                                                       

        ОшМУдагы ректорат менен профсоюз комитетинин жамаат мүчөлөрүнүн кызыкчылыгындагы социалдык өнөктөштүктүн биз үчүн узап бараткан ооматтуу болгон 2016-жылдагы мындай үзүрүндө “Профсоюздар жамаатыбыздын биримдиги, жаштарга татыктуу билим-тарбия, жогорку маданият жана мыйзамдуу укуктар үчүн!” деген ураан алдындагы ишмердигибиздин да үлүшү зор деп сыймыктануу менен айта алабыз.

                                                                                                                           Аккулов А.У.,      

   ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы,    

          география илимдеринин кандидаты, доцент