Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда "Ден-соолук - 2024" спартакиадасы

Ош мамлекеттик университети 17-май күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тарабынан уюштурулган билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасындагы "Ден-соолук - 2024" спартакиадасына катышты. Спорттук иш чаранын ачылышында Ош областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев куттуктап, андан кийин КӨЭАУ ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жана ОшМУ жогорку окуу жайларынын бириккен кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары катышып, спорттук иш чарага ийгилик каалашты.  Спорттук мелдешке Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан түзүлгөн курама командалар катышып, спорттун 6 түрү боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер арасында өткөрүлдү. 

ОшМУ курама командасы волейбол агайлар 40 жаштан жогоркулар – 1-орун, 40 жашка чейинки агайлар – 2-орун, Стол тенниси боюнча агайлар жана эжекелер 1-орун, ордо боюнча 1-орун, футбол боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы агайлар 1-орун, шахмат боюнча 1-орун, тогуз коргоол эжекелер 1 орун, агайлар 3 орундарга жетишип, жалпы командалык жыйынтык боюнча ОшМУ 1-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Тандоо турунда жеңүүчү катары табылган командалар көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде өткөрүлө турган "Ден соолук-2024" спартакиадасына жолдомо алышты.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети