Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«ОшМУ- биздин ырларда» поэзия сынагы

Ош мамлекеттик университетинин “Нур” гезити тарабынан  ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата “ОшМУ – биздин ырларда” аттуу поэзия сынагы уюштурулду. Максат ОшМУнун студенттеринин чыгармачылыкка болгон табитин калыптандыруу, таланттуу студенттерди коомчулукка тааныштыруу жана ОшМУну даңазалоо болду. Сынакка ОшМУнун кесиптик бирлик комитети демөөрчүлүк кылып, байге фонду үчүн 16 000 (он алты миң) сом акчалай сыйлык бөлүп берди.

Жалпы 26 студент катышып, алардын арасынан 4 жеңүүчү аныкталды. 1-орунду алган Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2-курсунун студенти Мээрим Эркинбек кызы 7000 сом, 2-орунду алган аталган факультетинин 1-курсунун студенти Аниель Куламжанова 5000 сом, 3-орунду алган аталган факультеттин 4-курсунун студенти Баястан Темирбаев 3000 сом, 4-орунду алган Бизнес жана менеджмент факультетинин 1-курсунун студенти Байэль Тешебаев 1000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Алдыңкы орундарды багындырган студенттерди баалоодо алардын сөз тандоо чеберчилиги, ырдын техникасы, ырдын мааниси каралды. Калыстар тобунун курамын Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымынын милдетин аткаруучу, “Ыр данек”, “Жамгырлуу кеч” ырлар жыйнагынын автору Бермет Закирова, “Күн жашынган аска” ырлар жыйнагынын автору, “Ош шамы” гезитинин кызматкери Бекмурат Келдибаев, “Эрке кыялдар” ырлар жыйнагынын автору, “Достук планетасы” гезитинин редактору Сыдыкбек Апиш уулу түздү.

Студенттерге колдоо көрсөткөн кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаровго жана калыстык кылып берген жалпы агай-эжейлерге терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ кесиптик бирлик комитети