Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ 85 жылдык мааракеси

ОшМУ 85 жылдык мааракесине карата окуу жайда салтанаттуу жыйын өттү.  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин, Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төш белгилерин, Ардак грамоталарын ОшМУ ректору Кудайберди Кожобеков өз ээлерине ыйгарды.  Университеттин өнүгүшүнө салым кошуп, билим берүү, илим изилдөө, саламаттыкты сактоо жаатында эмгек сиңирген, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген профессордук-окутуучулук курамга, кызматкерлерге “ОшМУ эмгек сиңирген ишмер” төш белгисин, Ардак грамотасын, алкыш баракчасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды.  Окуу жай жетекчиси ОшМУнун 85 жылдык тарыхында университеттин өсүп-өнүгүүсүндө, келечек муундарга таалим–тарбия, билим берүүдө эмгеги сиңген илимпоз агай-эжейлерге, жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди.

Салтанатты ОшМУ таланттуу агай-эжекелеринин концерттик программасы коштоду. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган иш чаралар 31-май күнү Ош шаарында биринчи жолу уюштурулуп жаткан “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” эл аралык форуму менен коштолот.
 А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо 31-май күнү саат 19:00дө 85 жылдык мааракеге арналган чоң программадагы шоу-концерт тартууланат. Майрамдык салтанат билим берүүнү камтыган театрлаштырылган көрүнүш менен башталып, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда уланат.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ кесиптик бирлик комитети