Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин эжекелери сахнада

      23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Аялдар кеңеши тарабынан “Эл алдында келет ырдагым” аттуу чоң программадагы майрамдык кече тартууланды. Аталган иш-чарада окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев жамааттын мырзаларын майрамы менен кызуу куттуктап, мыкты иш алып барган бир топ агайларга жана окуудагы алдынкы студент мырзаларга институттун майрамдык сыйлыктарын тапшырып өттү. Андан сырткары институттун таланттуу эжекелеринин коштоосунда маанай жаркыткан мыкты ыр, күлкү, тамашалар коюлуп, жамааттын мырзаларына өзгөчө майрам тартууланды. Ошондой эле бул кечеге  белгилүү куудулдар Абдылда Иманкулов жана Рысбек Жантөрөевдер  конок болуп, өзгөчө тамашалары менен жамаатты шаңга бөлөдү.