Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык форум өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз театрында   2024-жылдын 21-май күнү  “Коопсуздук - биринчи орунда!”  деген аталыштагы  областтык форум өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыков,  райондордун акимдеринин орун басарлары,  шаарлардын вице - мэрлери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары,  билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары катышты.
Форум ачык деп жарыяланып,  Кыргыз Республикасынын гимни ойнолду. Алгачкы сөз ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары М.Сыдыковго берилип,  ал форумда тандалып алынган тема, коопсуздуктун биринчи орунга коюлушу- учурдун талабы экенине басым жасады. Анткени, ааламдашуу доорунда көйгөйлүү маселелердин орун алышы, коопсуздукту сактоо маселелерине кылдат мамиле жасоого чакырууда.

Андан кийин сөз, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М.Примкулов областта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жалпы маалымат берди. Анда 2 тараптуу келишимдер жана 3  тараптуу макулдашуулар бардык баштапкы уюмдарда,  райондук, шаардык комитеттере түзүлүп,  ийгиликтүү иштеп жаткандыгына,  ошону менен бирге сапаттык жана мазмундук жагына өзгөчө көңүл бурула баштаганы белгиленди. “Коопсуздук - биринчи орунда!” деген  ураан коомчулуктун,  анын ичинде, кесиптик бирликтердин ишинин негизин түзүшү керектигине токтолду. Андан кийин жарыш сөздөр башталып, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Ш.Эргешов коопсуздукту сактоо боюнча  шаарда жүргүзүлүп жаткан иштерге кеңири талдоо жасады. Аткарылып жаткан иштер менен бирдикте келечекте ишке ашуучу маселелерди да  белгиледи. Жалал- Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн   жашы жетелек балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы С.Кыдырова,  ата-энелер менен иштөө, ата-энелердин уруксатысыз базарда жүргөн балдар, окуучулардын арасында жаат-жаат болуп чырдашуу сыяктуу маселелерге катуу көңүл буруп, окуучулардын коопсуздугун сактоого чакырды.

Жалал-Абад шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, А.Сатыбалдиев видео – роликтин негизинде жол коопсуздугун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чараларга токтолду.

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы кординаторунун орун басары, Жалал-Абад шаардык санэпид станциясынын дарыгери У.Назырбекова,  Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери К.Аскаровдор өздөрүнүн тейлеген иш чөйрөсүндө аткарган иштери тууралуу маалыматтарды беришти.

Форумдун соңунда аны даярдоого, өткөрүүгө мыкты салым кошкондор кесиптик бирликтин ыраазычылык каттары жана Ардак грамоталары менен сыйланышты. 

Форумдун жыйынтыгында облустун жалпы коомчулугуна, билим берүү кызматкерлерине жана кесиптик бирликтин бардык деңгээлдеги уюмдарына кайрылуу кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: А.Бегматов, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин кызматкери