Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Август-2015” педконференциясы

Ноокен  районунун  Кочкор-Ата  шаарында  2015  -жылдын  19-августунда  Нефтчилердин  маданият  сарайында  билим  берүү  кызматкерлеринин  “Август -2015”  педагогикалык  кенешмеси  “Кыргызстандын   билим  берүү : жеткиликтүүлүгү ,сапаты  жана атаандаштыка  жөндөмдүүлүгү”  темасында  422 делегаттардын катышуусунда  болуп  өттү . Конференцияда  2014-2015-окуу  жылында  аткарылган  иштер  жана алдындагы  милдеттер  жөнүндө  РайБББнын  башчысы  Б.С.Козуев  слайттар  жана  фото  отчеттор  менен  маалымат  берди.  Ноокен  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы –аким  А.К.Осмонов  билим  берүү  тармагындагы  көйгөйлүү  маселелерде  чечилиши  жөнүндө   баяндап,  милдеттерге токтолуп  өттү.

Алдынкы  жамааттарга жана мугалидерге   райондук  мамалекеттик  администрациясынын жана райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  Ардак  Грамоталары, көчмө  туулары  жана  вимпелдери, 13  билим берүү ардагерлерине “Ноокен  районунун   билим  берүүсүнүн  Ардегери” тош  белгилери жана   акчалай  сыйлыктары  тапшырылды.

         Кочкор –Ата  шаарынын  мэри  К.М.Эгембердиев мугалимдерди  жаны  окуу  жылы менен  куттуктап  окуучулары  областтык  олимпиадаларда  женүүчү  болгон  мугалимдерди эмгегин  баалап  3 адамды  Турцияга  эс  алууга  жолдонмо менен  сыйларын  белгиледи.

 

Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  пресс-катчысы : Барно  Абдурахманова