Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда күндүзгү лагерлер уюштурулду

2024-жылдын 27-майынан тартып Ноокен районундагы 51 мектепте окуучулардын бош убактысын пайдалуу жана кызыктуу өткөрүү максатында күндүзгү лагерлер уюштурулуп,  башталгыч класстардын окуучулары тартылган. Анда жалпысынан 1-агымда 1509 бала эс алууда.

Мектеп алдындагы күндүзгү жайкы эс алуу лагерлери жогорку денгээлде уюштурулуп, түрдүү усулдук-маданий, көркөм окуу, сүрөт тартуу, тарбиялык маанидеги тартылган видеороликтерди көрсөтүү, спорттук, акыл оюндарын (тогуз коргоол, шахмат, шашки) өткөрүү менен уюштурулду.

Мектеп администрациясы, айыл өкмөт жана демөөрчү ата-энелер тарабынан шириндиктер таркатылып, шашке чайлар уюштурулуп жатат.  

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети