Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук семинар болуп өттү

2024-жылдын 31-май күнү Ноокен районунун Шайдан айылындагы №4 А.Сатаров атындагы орто мектебинин базасында мектептердин баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.

Анда Ноокен райондук билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, баштапкы кесиптик  уюмдарынын жетекчилери катышты.

Алгач катышуучуларга мектепте экскурсия уюштурулуп, жасалып жаткан алгылыктуу иштер менен тааныштырылды. Андан соң баштапкы кесиптик уюмунун кабинети, иш кагаздары менен таанышып, жакшы тажрыйба алмашуу иш-чарасы болду.

Район боюнча бүгүн жалпы 17 кыска мөөнөттү бакчалар ачылды.

Семинардын жүрүшүндө Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Нышанов жайкы эс алуу иш чаралары, эмгекти коргоо айлыгынын алкагында аткарылган иштер, коопсуздук маселелери жөнүндө кеңири баяндама жасады.

№4 А.Сатаров атындагы орто мектебинин профкому А.Абдразакова баштапкы кесиптик уюмунун аткарылган иштери жөнүндө, жетишкен ийгиликтер, алдыда пландалып жаткан иш-чаралары жөнүндө презентация жасады.

Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин инспектору Т.Бакиров “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоонун функциялары жана милдеттери” темасында слайддар жана видеотасмаларды аркылуу маалымат берди.

Семинар суроо-жооп, ар түрдүү маселелер талкуулоо менен жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети