Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты мугалимдер» аныкталды

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүндө райондук билим берүү кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн "Мыкты мугалим" жана "Мыкты тарбиячы" конкурсунун райондук 2-туру жыйынтыкталды. Өткөрүлгөн конкурста алдыңкы орунду камсыз кылышкан билим берүү кызматкерлерине Райондук билим берүү бөлүмү, райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору, "Ыраазычылык каттары", кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык берүү аземинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Солтобаев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Керималиев жеңүүчүлөргө каалоолорун айтышып, областтык жана республикалык турларда ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети