Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты класс жетекчи-2024»

Ноокен районунун Дооронбек Садырбаева тындагы айыл  аймагындагы Я.Мирзаходжаев атындагы №29 орто мектептин жыйындар залында 2024- жылдын 23-майында «Мыкты класс жетекчи-2024» кароо-сынагынын жыйнынтыктоочу этабы болуп өттү. Анда райондук 1-турунда жеңүүчү болгон 9 класс жетекчи катышты.    

Жыйынтыгында Э.Алиев  атындагы №11  орто мектебинин  класс  жетечиси Дарбанова Айнура Гран-при , Я.Мирзаходжаев  атындагы №29 орто  мектебинин класс  жетекчиси, Кыргыз  Республикасынын Билим  жана  илим  кызматкелеринин кесиптик  бирлигинин жогорку сыйлыгы “Билим, илим профсоюзунун отличниги” ардактуу наамдын жана төш белгисинин ээси Мирзаева Саадатхон Токтосуновна 1-орунга татыктуу болушту.

Я.Мирзаходжаев атындагы №29 орто  мектептин жамааты кадырлуу устат С.Мирзаева кесиптик  бирлик уюмубуздун кадыр-баркын көтөрүп ийгиликке  жетишкени  менен куттуктайт  жана бекем  ден соолук, үй-бүлөлүк  бакыт-таалай, устаттык  иштеринде ийгиликтерди каалайт.

 

Маалыматты даярдаган: Дилфуза Абдувахапова, Я.Мирзаходжаев атындагы №29 орто мектептин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы