Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин үй-бүлөлөрүнө жардам берилди

А.Махмадалиев атындагы №20 орто мектептин тарых мугалими жана баштапкы кесиптик бирлигинин төрагасы Насирдинов Расулжан Абдуллаевич жана Б.Анаркулов атындагы №13 орто мектептин музыка мугалими Кулматов Алик мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ошондуктан, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүн колдоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, райондук кесиптик бирликтин адиси К. Асыранкулов, №13 Б.Анаркулов атындагы орто мектебинин директору Э.Молдалиев катышты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев кесиптештерибиздин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, материалдык жардамдарды тапшырды.

Маркумдардын үй-бүлөлөрү берилген жардам үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети