Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мөөнөттүк бала бакча ачылды

"Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында Сын-Таш айыл аймагына караштуу Ж.Алыбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин базасында жана К.Курманов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин базасында үч сааттык бала бакча ачылды. Ачылуу иш-чарасына Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Н.Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Бакашова, райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асанов жана башкалар катышты.

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылды.  Ар бир бала бакча 50 орунга ылайыкталып, жалпы 100 баланы мектепке чейинки билим берүүгө камтыйт.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети