Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МЕКТЕПТЕГИ МАРАФОН ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

     Үстүбүздөгү жылдын 4-мартында Ак-Суу районундагы Сыдыкбеков атындагы орто мектебинде мектептин материалдык-техникалык абалын жакшыртуу максатында марафон болуп өттү. Марафонго айыл эли жана аталган мектепти аяктап, бирок сырт жактарда иштеп, жашап жүрүшкөн жарандар чакырылган.

      Марафондун ачылышында мектеп директору Мухтар Касеев билим берүү мекемесинин тарыхы, алдыдагы максаттар жөнүндө кеӊири маалымат берди. Андан кийин мугалимдердин, окуучулардын күчү менен даярдалган кеӊири программадагы концерт берилди.

      Марафонго чакырылган меймандар сөз алышып өз каалоо-тилектерин айтышып, акча кааражаттарын атайын кутучага салып жатышты. Алгачкылардан болуп сөз берилген билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев бул мектепте окуган жылдарын эскерип, ошол мезгилдеги мектептин абалы жана бүгүнкү күндөгү мугалимдерге, окуучуларга түзүлгөн шарттары жөнүндө айтып өттү. Иш чарага катышып жатышкан айылдаштарына кайрылып, билим алууга умтулган балдар-кыздарды жогорку окуу жайларында окуусуна шарт түзүп берүү жагын дайыма көӊүл борборуна коюуларын өтүндү. Бүгүнкү күндө жакшы билим албай туруп эч жакка бара алышпасын, өзү тандап алган кесибинин устаты боло албасын  баса белгиледи жана акча каражатынан өз салымын кошту.

        Марафон ийгиликтүү аяктап мектеп жамааты анын катышуучуларына билим берүүгө көӊүл буруп колдоого алышкан жердештерине, айылдаштарына тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

                                                       Венера Карыбекова,

 Ысык-Көл областы, Ак-Суу районундагы

 А.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин профкому.