Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Материалдык колдоо көрсөтүлдү

2024-жылы  17-апрель күнү катуу нөшөрлүү жаандан Эски Кочкор-Атадан келген сел N44 М.Акчабаев атындагы жалпы билим берүүчү мектебине кирип мектептин короосун, мектеп багын, стадионун, ажатканасын каптаган.

18-апрелден тазалоо иштери башталды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов мектептен кабар алып, кесиптик бирлик тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Тазалоо иштерине мектептердин мугалимдери, токой чарба кызматкерлери, Кочкор-Ата колледжинин кызматкерлери, Момбеков айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айыл тургундары, Ноокен райондук ӨКБ кызматкерлери жардамга келишти.

Ошондой эле иштеп жаткандарга демөөрчүлүк кылып ысык тамак уюштуруп берген демөөрчүлөр да болду.

Эске салсак 2024-жылдын 22-23-апрелинде да катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Анда Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин президиумунун чечими менен материалдык жардам көрсөтүлгөн.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети