Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Масаева Гулмиранын иш сапар чыгымдары төлөнөт

     Ысык – Көл облусунун билим берγγ жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын уюштуруучусуна Ысык – Көл районундагы ϴрнөк орто мектебинин кыргыз – тил жана адабият сабагынын мугалими Мусаева Гулмирадан  арыз түшкөн.

      Арызда 2015 – жылы Каракол шаарындагы областтык билим берүү институтунда 12 күндүк билимин жогорулатуу курсун өтүп келген.  Иш сапар документтери мектеп тарабынан бухгалтерияга тапшырылбай калганына байланыштуу иш сапар чыгымын ала албай жүргөндүгү жөнγндө жазылган.

       2 - март күнү Ысык – Көл облусунун билим берγγ жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын уюштуруучусу ϴ. Молдокматов жана Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин социалдык коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Л. П.Олимпиева жеринде териштирүү үчүн  Ысык-Көл районунун билим берγγ бөлγмγнγн  башчысы Д. Абирова жана башкы бухгалтери Б. Мааткеримова менен жолугушту.

      Сγйлөшγγлөрдγн негизинде билимин жогорулатуу курстарынан окуп келишкен мугалимдердин иш сапар чыгымдары КР Эмгек Кодексинин 185  - беренесинин негизинде толук төлөө жана иш сапарга байланышкан документтерди бухгалтерияга өз убагында кабыл алуу жагы сγйлөшγлдγ.

    Г. Мусаеванын арызы жана жалпы эле иш сапар чыгымдар боюнча төлөмдөр сγйлөшүлөрдγн негизинде мыйзам чегинде турмушка ашыруу жагы белгиленди.