Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Коопсуздук меселеси каралды

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин иш планына ылайык, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыйналыш болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, мектептердин жана бала бакчалардын директорлору катышты.

Жыйналыштын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде эмгекти  коргоонун  жана  коопсуздук чараларынын аткарылышынын  абалы жөнүндө, мектепте ишембиликтерди жана ремонт иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алууларын уюштуруу, жолдо жүрүү, техникалык коопсуздук, сууга түшүү, өмүр коопсуздугу боюнча нускоолор берилип, кызматкерлер менен тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети