Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Коопсуз өлкө-туруктуу келечек”

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан “Эмгекти коргоо” боюнча бир айлыктын алкагында, кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарында иш чаралар жогорку деңгээлде уюштурулду.  2024-жылдын 28-майында Токтогул райондук маданият үйүндө  райондук профсоюз комитети, райондук билим берүү бөлүмү жана   райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте “Коопсуз өлкө-туруктуу келечек” форуму өткөрүлдү.

Форумга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,  аким Акылбек Алиякунович, райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери, уюштуруучулар, соцпедагогдор, ата-энелер комитетинин төрагалары жана шаардын окуучулары, райондук ички иштер  бөлүмдөрүнүн, мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышышты. Райондук профсоюз комитети менен биргеликте райондук билим берүүдө жана райондук ички иштер бөлүмүндөгү  аткарылып жаткан  иштер боюнча баяндама жасалып, слайд көрсөтүлдү.

Форумда М. Нургазиев атындагы №29 орто мектебинин окуучулары  тарабынан "Балалыктын кусалыгы" темасында театрлаштырылган оюн коюлуп,  аягында учурдун көйгөйүн чагылдырган, мигранттар жөнүндө көркөм окуулар тартууланды.

Ошондой эле  Токтогул шаарына караштуу мектеп окуучуларынан түзүлгөн  «Умтул»  ыктыярчылар тобунун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат берилди.

“Коопсуз өлкө-туруктуу келечек” форумунун жыйынтыгында  резолюция кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитети