Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көмөкчү чарба ийгилиги

Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин айланасында,тажрыйба участокторун иштетүү колго алынган. Ар жылы жаз айында гүлдөрдүн түрү отургузулат. Быйыл да айдоо аянтына тоют (беде) себилип,көчөттөр эгилди. Аталган мектепте көмөкчү чарба жогорку деңгээлде уюштурулган. Күнөсканада витаминдүү азыктар: помидор,бадыраң,капуста, көк чөп, ашкабак өстүрүлүп,мектептеги 1-4-класстардын шашке чайына берилет,калганы базар баада мугалимдерге сатылат.Түшкөн акча каражаттары мектептин профсоюз комитетине берилип, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эс алууларына,сыйлоого жумшалат. Райондук кесиптик бирлик комитетинен бөлүнгөн акчадан сырткары,кошумча кирешеден түшкөн акчаларды иштетүү менен көптөгөн иштер аткарылды. Февраль айынын акырында көк чөп (укроп,петрушка), редиска себилип,  апрель айынан сатыкка чыгып,1500 сом киреше түштү. 200 сомго урук алынса, андан алынган киреше 1300 сом болду. Күнөсканада  мугалимдер жана кенже кызматкерлер иштешет.Азыркы учурда кайрадан помидор,бадыраң,капуста көчөттөрү отургузулду.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети