Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кенже тайпанын тарбиячысынын демөөрчүлүгү

“Бүбайша апа” №38 балдар бакчасынын  тарбиячысы Сатарова Кыялкан өзү иштеп жаткан бакчага демөөрчүлүк кылып кошумча тайпа ачылышына шарт түзүп берди. 

Ал өзүнүн жеке каражатынан кошумча  бөлмөнүн ремонт иштерин жасатып, балдарга уктоочу  кроваттар, стол,стул жана оюнчуктарды алып берди.

Сатарова Кыялкан биздин бакчада баштапкы кесиптик уюмунун текшерүү комиссиясынын төрайымы болуп да кызмат аткарып, коомдук иштерге активдүү катышат. Сабактарын жаңы усулдарды, технологияларды пайдалануу менен кызыктуу өтөт. Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, балдардын коопсуздугуна, келип-кетүүсүнө өзгөчө көңүл бурат.

Ал 2006-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин медицина факультетин аяктап, бакчада медайым болуп иштеген. 2023-жылы эл аралык университеттен башталгыч класстар мугалими адистигин алган.

Азыркы учурда ушул эле университетте мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуусун улантып жатат.

 

Маалыматты даярдаган: Айпери Абдрахманова, Бубайша апа №38 балдар бакчасынын баштапкы кесиптик комитетинин төрайымы