Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү

Класс жетекчилердин ишин баалоо, чыгармачылык менен иштеген класс жетекчилерди табуу,  аларга колдоо көрсөтүү, окуучуларды  руханий адеп-ахлактык тарбиялоо,  жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, суициддин, рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Жылдын мыкты класс жетекчиси – 2024” кароо-сынагы болуп өттү.              

Кароо-сынактын 1-этабында класс жетекчилерден тест алынып, калыстар тобу тарабынан класстан тышкаркы иш-чаралардын видеороликтерин көрүп чыгышты.

Ал эми 2-этабы 2024-жылдын 23-май күнү Ноокен районундагы Я.Мирзаходжаев атындагы №29 орто мектебинин базасында болуп өттү.

Анда катышуучулар мастер класс жана өзүн-өзү тааныштыруу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча баш байгени №11 Э.Алиев атындагы орто мектебинин мугалими Дарбанова Айнура, I орун Я.Мирхзаходжаев атындагы №29 орто мектебинин мугалими Мирзаева Саадат, I орун Ж.Жунусалиев атындагы №23 орто мектебинин мугалими Борбиева Чынара, II орунга М.Молдалиев атындагы №18 орто мектебинин мугалими Тиекбаева Гулшанай,  II орунга Ч.Айтматов атындагы №28 орто мектебинин мугалими Колесникова Анна, III орунга А.Тургунбаев атындагы №38 орто мектебинин мугалими Каныбек кызы Шайыргул, III орунга Зайниддинов атындагы №39  орто мектебинин мугалими Авазбеков Камранбектер  татыктуу болушту.

Райондогу жалпы 1312 класс жетекчинин арасынан 53 мугалим тестке катышкан. Анын ичинен эң жогорку балл алган 10 мугалим тандалып алынган. Жеңүүчүлөр Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин диплом жана белектери менен сыйланышат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети