Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алууга сертификаттар тапшырылды

2023-2024-окуу жылында Өзгөн районундагы А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясынын 11-классынын бүтүрүүчүсү Муктарова Ажар “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатына жетишкен. 

Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатына жетишкен окуучуга Ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле артыкчылык аттестатына ээ болушуна кошкон салымдары үчүн А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясынын 4 мугалимине Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак грамота жана Өзбекстандын Ташкент шаарына 2 күндүк эс алуу үчүн сертификаттар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети