Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Энелер күнү - мектепте

Эне - тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубаттуулуктун, сулуулуктун символу.

Жаш өспүрүмдөргө экинчи эне болгон мугалим-эжейлердин коомдогу орду улук. Аларды кадырлоо, барктоо сыяктуу жылуу сезимдерди тартуулоо жана жагымдуу маанай жаратуу максатында, Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынла жайгашкан И.Губкин атындагы №14 орто мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюму жаштар кеңеши менен биргеликте энелер күнүнө карата иш чара уюштурду.

Анда жаш мугалимдер жагымдуу музыканын коштоосунда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан мугалимдерди, кенже кызматкерлерди  бардык эжекелерибизди куттуктап, жакшы каалоо тилектерин билдиришти. Айрым эжекелерибиз сүйүнүчтөрүн көз жашы менен билдиришсе, айрымдары толкундангандарын жашырбай, кесиптик бирликтин ар дайым, ар кандай учурда камкорчу, колдоочу экенин айтышып, уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Кулназарова, И.Губкин атындагы №14 баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы