Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден соолук» спартакиадасы

Айтматов райондук билим берүү кызматкерлеринин арасында  достукту, ынтымакты жана социалдык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо, сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо максатында «Ден соолук» спартакиадасы уюштурулуп, ага спорттун 4 түрү боюнча ( волейбол, шахмат, стол тенис, тогуз коргол) мелдештер өткөрүлдү.

«Ден соолук» спартакиадасына жалпысынан 26 команда катышты. Жеңүүчүлөр Айтматов райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан Грамоталар, кубоктор жана акчалай  сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле активдүү катышкан спортчуларга ыразычылыктар айтылып, женүүчүлөр областык спартакиадага жолдомо алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Айтматов райондук комитети