Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Чыгаан тарбиячы – 2024»

2024-жылдын 19-июнь күнү  Ала-Бука районундагы айыл аймактарынан тандалып алынган «чыгаан тарбиячы - 2024» конкурсунун үчүнчү туру өткөрүлүп, мыкты деп табылган  6 тарбиячы райондук турга жолдомо алып, 19-июнь күнү райондук турга катышты. «Чыгаан тарбиячы» конкурсу «Чынар» мектепке чейинки билим берүү уюмунда өткөрүлүп, калыстар тобунун төрагасы Ж.Дурусалиев конкурстун катышуучуларынын аракеттери жана чыгырмачылыктарына кеңири токтолуп толкунданып турган катышуучулардын алган упайларын жана ээлеген орундарын угузду.

Эң көп упайды топтоп «Гран-прини» «Ак-Тилек» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Надия Сыдыкова жеңип, облустук турга жолдомо алууга жетишти.

Ал эми биринчи орунду «Жылдызча»  мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы  Замира Абдилаева, экинчи орунду «Тилек» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Маматкул кызы Бактыгул, үчүнчү орунду «Арча-Бешик» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Жаңылай Назаркуловага ыйгарылды.

Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисиОрунбаева Назгул жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевичтер куттуктоо сөздөрүн айтып профсоюз комитети тарабынан уюштурулган баалуу белектерди жана дипломдорду тапшырышты.

Катышуучулар жана күйөрмандар уюштуруучуларга ыраазы болуп тарашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети