Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин Президиумунун токтомдору аткарууга алынды

      2016-жылдын 28-декабры  күнү  Билим жана  илим  кызматкелеринин  кесип  бирлигинин  Ноокен райондук  комитетинин  президиуму  кенешмеси  болуп  өттү. Анда  төмөнкү  маселелер  каралып,  тийиштүү  токтомдор кабыл  алынды.

1.КРнын  билим жана  илим  кызматкерлеринин кесип  бирлигинин  Борбордук  Комитетинин  22.12.2016-жыл Президиуму токтомдорун ишке  ашыруу  жөнүндө. Райондук  комитеттин  төрагасы   К.Нышановтун  билдирүүсү.

2.Ноокен  районунун  билим  берүү  тармагында  эмгек китепчелеринин  жүргүзүлүшүнүн абалы  жөнүндө. РайКБКнын  тескөөчсү  А.Айдаровтун   маалыматы.

3.Ноокен  районунда билим  берүү  кызматкерлеринин  кесиптик  чыгармачылыгынын  өркүндөтүүнүн  жүрүшү  жөнүндө. Райондук  окуу-усулдук  борбордун  башчысы К.Садировтүн билдирүүсү.

4.Билим берүү  кызматкерлеринин  “Спартакиада-2017”  спорттук  иш  чарасын өткөрүү  жөнүндө. Президиумдун  мүчөсү,  Кочкор-Ата спорт  мектебинин  директору  А.Усмановтун маалыматы.

5. 2017-жаңы  жылды  тосуп  алуу  иш-чаралары  үчүн баштапкы  кесиптик  уюмдарга  каражаттары  бөлүп  берүү  жөнүндө. РайКБКнын  бухгалтери  З. Алимбекованын  маалыматы.

6. “Жылдын  мыкты  кесиптик  уюму  жана  төрагасы-2016”  кароо-сынактын  женүүчүлөрүн  сыйлоо

Кароо-сынактын  жеңүүчүлөрү  ыразычылыктарын  билдиришип,  сыйлыктар  2017-жылда  жаңы  ийгиликтерди жаратууга   шыктандыргандыгын белгилешти.

Материалды  даярдаган, райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.