Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Борбордук Азияда суу ресурстарын пайдалануу" деген теманын алкагында эл аралык конференция

Ош мамлекеттик университети, Франциянын Кыргызстандагы элчилиги, Франциянын суу ресурстарын изилдөө институту биргеликте уюштурушкан "Борбордук Азияда суу ресурстарын пайдалануу" деген теманын алкагында эл аралык конференция 29-30-май күндөрү  ОшМУнун башкы имаратында өттү.

Конференцияга Франция, Кыргызстан, Казакстан, Таджикстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден келген суу маселелерин изилдөөдө өзгөчө салым кошкон  окумуштуулар катышууда. Атап айтсак Кыргызстандан КР УИАнын суу проблемелары жана гидроэнергетика институтунун директору, академик Дүйшөн Маматканов, КРдеги География коомунун төрагасы С.Аламанов, Париж шаарындагы Сарбонна университетинин профессору А.Карью, Франциянын суу ресурстарын изилдөө институтунун директору О.Феррандо, Алматы шаарынан келген окумуштуу Т.Резникова, А.Мылкайдаров, Ташкент шаарынан келген окумуштуу Ф.Хикматовдор кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Борбордук Азия жана Европадан келген окумуштуулардын башын бириктирген конференциянын негизги максаты жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги өз ара тажрыйба алмашуу, суу ресурстарын пайдалануу багытындагы көйгөйлүү маселелерде биргеликте чечүү жолдорун кароо болуп саналат.

Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жаткан конференция мындан ары башка өлкөлөрдө да улантыларын уюштуруучулар белгилешти.