Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарга майрамдык белек

Ноокен районунун аймагында кыска мөөнөттүү үч сааттык 17 балдар бакчалары ачылды. Бул иш-чара 1-июнь – Балдарды эл аралык коргоо күнүнө карата майрамдык белек болду.

Аталган бакчаларда 3 жаштан 5 жашка чейинки балдар билим жана тарбия алып, бакчаларга жалпы 1 094 бала тартылат.

Жумуш орундары тузулүп, балдарды бакчага камтуу көрсөткүчү жогорулайт.

Балдар бакчаларын ачуу иш-чарасына Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Таалайбек Ишенбеков райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Олжобаев, райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Кубынычбек Нышанов жана мекеме-ишкана жетекчилери катышып, балдарга шириндиктер жана белектер таркатылды.

Ар бир кыска мөөнөттүү балдар бакчасы 50 балага ылайыкташып, уюштуруу иштерин Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси аркылуу Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосундагы "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө " долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Бакиров, кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору