Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын коопсуздугун алдын алуу иш чарасы

2024-жылдын 23-май күнү Аксы районундагы Билим берүү уюму тарабынан жолугушуу өткөрүлдү.

Аксы районун акиминин орун басары Бердалы Тыныбекович, Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Садырбай Бекболотов, билим берүү борборунун усулдук кабинетинин усулчусу Исак Ташбаев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков билдирүү жасашты.

Жолугушууга мектептердин кесиптик бирлик комитеттеринин төрага/төрайымдары, ата-энелер, директорлор катышты. Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүүдө ашыкча акча каражаттарын топтоо, эс алуу жайларга баруу, окуучулардын өз алдынча машина айдоосуна тыюу салынгандыгы айтылды. Окуучулардын коопсуздугу алдын ала ата-энелерге, мугалимдерге эскертилип, тартип бузуунун алдын алуусу түшүндүрүлдү. Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков окуучулар арасында тартип бузуулар болгон учурда мектептен сырткары мезгилдеги окуяларга мугалимдер күнөөлүү болуп калышып жатышкандыгын, ата энелер мектептен сырткаркы убакта балдарына өздөрү жооп берерин баса белгилөө менен түшүндүрдү.

 

Маалыматты даярдаган: Наргиза Тотоева, Н.Мамбетов мектебинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы