Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын коопсуздугу башкы максат

Чаткал районундагы К. Акназаров, С.Дозонов жана Чакмак-Суу жалпы орто мектептеринин  ата-энелеринин жана  Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Эмилбек уулу, Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Р.Бусурманкулов, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы Ы.Кудайбердиев,  Чаткал  райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Б.Бексариевдин катышуусунда жыйын болду.

Жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу,  жашы жетелектер тарабынан жана аларга карата жасалган зордук-зомбулуктардын, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, 25-май - акыркы коңгуроо иш-чарасын өткөрүү,билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата- энелердин жоопкерчилиги тууралуу ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыйынга катышкан ата-энелерге учур көйгөйү болуп жаткан терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн бардык аракеттер жумшалып жатканын, балдарга мектептен тышкары убактарда өздөрү көзөмөл кылышары айтылды.

 Иш чара “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 15-мартындагы № 91-б буйругу жана Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу максатында чыккан буйругу, Кыргыз Республикасынын «үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Чаткал райондук комитети