Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ата-Мекенди коргоочулардын Күнүнүн урматына Бильярд оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү

       ОшМУнун профсоюз комитети он жылдан ашуун убакыттан бери 23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулардын Күнүнүн урматына окуу жайыбыздын кызматкерлеринин арасында Бильярд оюну боюнча мелдеш уюштуруп өткөрүп келебиз. Бул жолу да адаттагыдай эле, ай башынан бери факультет-колледждерде, башка стуктураларда өз мыктыларын тандашып, шаарыбыздын "Классик" бильярд клубунда негизги оюнга 22 оюнчу катышты. Албетте, мырзалардын майрамынын урматына ректораттын, профкомдун, ардагер агайларыбыздын каалоо-куттуктоолору болду. "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" болуп, мыкты оюнчулар кучакташып саламдашып, чучукулак тартышып, андан ары оюндар башталып, алардын күйөрмандары да майрамдык маанайда жакшы оюндарга күбө болушту. Жыйынтыгында оюндун мыктылары, жеңүүчүлөрү аныкталып, байгелүү орундарды ээлегендер атайын Дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары, мелдештин катышуучулары жана жалпы күйөрмандар да профсоюздан эстелик белектерди алышып, өз ыраазычылыктарын билдиришти. Профсоюздук ишибизде "Жакшы эс алган жакшы иштегенге өбөлгө" деген принципти дайыма карманып келебиз. Анткени мындай жамааттык эс алуу иш-чаралары кесиптештер арасында ынтымакты, биримдикти, өзара сый-урматты калыптандырып, жамаатта патриоттуулукту да арттараарында шек жок деп ойлойм.